Казакстан менен Түркия фитосанитардык коопсуздук боюнча кызматташтык чөйрөсүн кеңейтет. Тараптар өсүмдүктөрдүн карантини жана аларды коргоо боюнча биригишет. Сенаттын депутаттары эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн ортосунда түзүлгөн тиешелүү келишимди жактырышты. Бул документ өнүмдү сертификаттоого жана мамлекеттердин аймагына кирген жүктөрдү транзиттөөгө тиешелүү талаптарды белгилейт. Келишимдин алкагында Казакстан менен Түркия фитосанитардык шарттар, карантиндик зыяндуу организмдердин улуттук тизмеси жана аларды коргоого тиешелүү башка эрежелер менен алмашышат. Ошондой эле, бул багытта кызматташуу чөйрөсүн кеңейтүү, илимий - изилдөө институттары менен уюмдардын ортосунда тажрыйба алмашуу каралган. Айыл чарба министрлигинин маалыматы боюнча, Түркияга атамекендик дан жана буурчак өсүмдүктөрү экспорттолот. Ал эми боордош республикадан жашылча-жемиштер, жаңгактар келет. Жалпысынан акыркы үч жылда Казакстан 700 миң тонна өсүмдүк өнүмдөрүн жеткирди. Түркиядан 40 миң тоннага жакын айыл чарба өсүмдүктөрү жана 2,5 миллиондон ашык үрөн импорттолду.
Ермек Кенжехан уул, Айыл чарба вице-министри:
- Жылдын жыйынтыгы боюнча товар жүгүртүү 285 млн долларды түздү. Албетте, биз анын көлөмүн мындан ары да арттырууну көздөп жатабыз. Бул багытта өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу үчүн фитосанитардык кызмат аткаруу маанилүү милдет. Казакстандын экспорту тууралуу айта турган болсок, ал дээрлик 133 миллион долларга жетти. Импорттун көлөмү да буга жакын. Мен өсүмдүк азыктары жөнүндө гана айтып жатам. Бүгүнкү күндө бизде Иран, Азербайжан, Кытай, Вьетнам менен ушундай эле келишимдер түзүлгөн. Бул багыттагы иштер улантылат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

