Казакстанда деңиз терминалын куруу пландалууда

Казакстанда деңиз терминалын куруу пландалууда

Казакстанда Саржа көп функционалдуу деңиз терминалы пайда болушу мүмкүн. Курык портунда куруу пландалууда. 2030-жылга чейин инвестициянын көлөмү дээрлик 100 миллиард теңгени түзөт - деп билдирди Маңгыстау облусунун акимчилиги. Жетинин айында темир жол жана инженердик инфраструктуранын курулушу, жалпы жүк терминалынын биринчи этабы жана жүк ташуучу жайдын курулушу аяктайт. Натыйжада, быйыл казакстандык жана транзиттик жүктөрдүн кошумча көлөмүн кайра жүктөө башталат. Мындан тышкары, Курык портунда дан жана май өсүмдүктөрүн кайра жүктөө үчүн заманбап дан терминалын түзүү пландаштырылууда. Долбоордун баасы 4 миллиард теңгени түзөт. Ошол эле учурда деңиз портунун өзүнүн өндүрүштүк кубаттуулугу быйыл бир жарым миллион тонна болду.

Которгон: Илгиз Жамалбеков