2025-жылга чейин Казакстан ЕАЭБ өлкөлөрүнө, ошондой эле жакынкы жана алыскы чет өлкөлөргө дары-дармектердин беш миңге чейин түрүн экспорттоого ниеттенүүдө. Бүгүн Астанада өтүп жаткан эл аралык форумда ата мекендик фармацевтика тармагын өнүктүрүүнүн пландары жана келечеги талкууланды. Республикада үч медициналык жана фармацевтикалык кластер – Астанада, Актөбөдө жана Шымкентте пайда болот. Саламаттыкты сактоо министрлигинин башчысы Ажар Гиният алар менен бирге илимий-изилдөө борборлору түзүлөрүн белгиледи. Алар өлкөдө импортту алмаштыруучу дарыларды чыгаруу боюнча илимий изилдөөлөр менен алектенишет. Белгилей кетсек, 2025-жылга карата президент Касым-Жомарт Токаевдин тапшырмасы боюнча республикадагы ата мекендик дары-дармек өндүрүшүнүн үлүшү эки эсеге – 50%га чейин көбөйүшү керек.
Ерхат Искалиев, ТОО СК-фармация башкармалыгынын төрагасы:
Иштөө, RnD борборлорун түзүү, эмне үчүн, алар кантип иштеп чыгууну билишет. Анткени, рынокто бул кызмат орундарын жылдыра алат мындай оюнчу менен көбүрөөк иштөөгө болот. Клиникалык сыноолор маанилүү маселе, бул локализациянын, товарларды изилдөөнүн биринчи этабы, ошондуктан азыр дагы Казакстанга, анын ичинде Орусиядан да көптөгөн компаниялар келет. Казакстанда бул чоң чарбалар менен иштей турган клиникалык борбор түзүлдү. Ар бир университетте инновациялык ой-жүгүртүү, студенттер, дарыгерлер болушу үчүн ушундай кызматтардын түзүлүшү маанилүү. Бүгүнкү күндө жогорку окуу жайлар, ооруканалар, өндүрүш участокторунун ортосунда көп кызматташтык бар, ошого жараша бул синэргия өз натыйжасын бериши керек.
Ал эми жалпы саламаттыкты сактоо системасын өнүктүрүү үчүн өлкөгө эң алдыңкы эл аралык технологияларды жана жабдууларды тартуу зарыл дешет адистер.
Ляззат Касенова, Медициналык жабдууларды бөлүштүрүү боюнча компаниянын өкүлү:
Кореялык адистер жылдар бою иштелип чыккан технологияларын Казакстанга өткөрүп беришет жана бул технология трансфери кандай жүргүзүлүп жатканын толугу менен көзөмөлдөшөт. Ал эми биз азыртан эле бул жерде өз адистерибизди жеринде окутуп жатабыз, биз корпустарды чыгарып, кураштырып гана тим болбостон, бул жерде Казакстанда комплекстүү программалык камсыздоону, татаал механикалык тетиктерди чыгарабыз. Бул жерде илим менен технологиялар өнүгөт.
Которгон: Илгиз Жамалбеков