Быйыл Казакстандын ИДӨ 5,5% түзөт. Мындай божомолду эл аралык валюта фонду жасады. Каржы мекемеси жарыялаган серепте 2026-жылы 4%га өсөт деп айтылат. Эскерте кетсек, ЭВФтин тогуздун айындагы божомолунда көрсөткүч 4,6%, ал эми кийинки жылы 3,5% деңгээлинде күтүлгөн. Ошентип, эл аралык валюта фонду Казакстандын ИДӨнүн өсүү божомолун кайрадан карап чыкты. Белгилей кетсек, 2024-жылы ИДӨнүн өсүшү 4% түзүп, 2023-жылга салыштырмалуу басаңдаган.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

