Астана дүйнөлүк туристтик альянстын мүчөсү

Астана дүйнөлүк туристтик альянстын мүчөсү болду. Бул тууралуу Кытайдын Хайнань провинциясындагы эл аралык форумда жарыяланды. Өлкөнүн уюмга мүчөлүгү ички туризмди өнүктүрүү жана чет элдик конокторду тартуу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып, Казакстандын дүйнөлүк туристтик аренадагы тартымдуулугун арттырууга шарт түзөт.

Тилеужан Өмирузаг, Астана шаарынын инвестициялар жана ишкерликти өнүктүрүү башкармасынын туризм бөлүмүнүн башчысы:

- Туризм альянсы көбүрөөк туристтерди тартууга өбөлгө түзөт. Биздин шаарда болуп жаткан иш-чараларды, альянстын бардык платформаларында жарнамалоого мүмкүндүк туулат. Альянска мүчө мамлекеттер менен туристтер маалымат алмашуу үчүн чоң мүмкүнчүлүктөрдү берет.

Муну менен катар борбор калаада саякатчылар үчүн жаңы туристтик аймак пайда болот. 150 гектардан ашык жерде көңүл ачуучу комплекстер, ресторандар жана мейманканалар жайгашкан. Комплексти инвестицияларды тартуунун эсебинен салуу мерчемделүүдө.

Адилет Абдугалиев, Казакстандын өнөр жай жана курулуш министрлигинин департаментинин башкы серепчиси:

- Жаңы туристтик район Нура районунун аймагында жайгашат. Аянты 158 гектарды түзөт. Жалпысынан мында үй-бүлөлүк эс алуу, оюн-зоок жана бизнес борборлору түзүлөт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков