Түндүк Казакстан облусунда 52 инвестициялык долбоор ишке ашырылууда

Түндүк Казакстан облусунда 52 инвестициялык долбоор ишке ашырылууда

Түндүк Казакстан облусунда 890 миллиард теңгеден ашык суммага 52 инвестициялык долбоор ишке ашырылууда. Аймак сүт өндүрүү боюнча алдыңкы үчтүктүн катарына кирет жана өлкөдө өнөр жайлык сүт комплекстери боюнча биринчи орунда турат. Облустун социалдык-экономикалык өнүгүүсү тууралуу биринчи жарым жылдыкта президент Касым-Жомарт Токаевге аким Гауез Нурмухамбетов отчет берди. Маселен, аймакта май өсүмдүктөрүнүн жана тоют өсүмдүктөрүнүн айдоо аянттары көбөйтүлдү. Сууну үнөмдөөчү технологиялар активдүү киргизилип жатат. Ал эми «Кең Дала 2» программасы боюнча аграрийлерге 97 миллиард теңге берилди. Жалпысынан аларды мамлекеттик колдоо көлөмү өткөн жылдын көрсөткүчүнөн дээрлик бир кыйла ашты.


Гауез Нурмухамбетов, Түндүк-Казакстан облусунун акими:


- Аймак туруктуу өнүгүүдө. Инвестиция тартылууда. Айыл чарбасы жана өнөр жайында маанилүү долбоорлор ишке ашууда. Инфраструктура жакшырууда. Жолдор оңдолууда. Социалдык тармакка өзгөчө көңүл бурулууда. Петропавлда жаңы ыңгайлуу мектеп ачылат. Билим уялары менен ооруканалар капиталдык оңдоодон өтүүдө. Эл аралык деңгээлдеги спорт объектиси салынууда. Мамлекет башчысы облусту өнүктүрүүгө байланыштуу бир катар тапшырмаларды жүктөдү. Бул багытта жумуш уланат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков