Казакстан менен Евробиримдик геология тармагындагы кызматташтыкты бекемдейт. Тактап айтканда, сейрек кездешүүчү металл өндүрүшүн өнүктүрөт. Тиешелүү меморандумга тараптар Брюсселде кол койду. Бул эки өлкө үчүн абдан пайдалуу экенин адистер белгилешет. Алардын пикиринде, Казакстандын маанилүү чийки зат материалдары тармагында дарамети көп. Өз кезегинде Евробиримдиктин жаратылыш байлыктарына болгон муктаждыгы 2030-жылга чейин 12 эсе өсүп, 2050-жылы дагы эки эсеге өсөт деп күтүлүүдө. Ал эми Европа экономикасына керектүү 34 чийки зат түрүнүн 18и учурда Казакстанда өндүрүлөт. Анын үстүнө ал чийки зат түрүндө гана эмес, даяр металл түрүндө да иштетилет. Алар өз кезегинде Европага эле эмес, АКШ, Кытай, Түштүк Корея менен Улуу Британияга да экспорттолот.
Канат Шарлапаев, Казакстандын өнөр
жай жана курулуш министри:
- Биз диалогду мындан дагы
күчөттүк. Ушунун алкагында меморандумга кол койдук. Эми ишибизди уланта беребиз.
Учурда меморандумда каралган макулдашууларды Евробиримдик менен бирге Жол
картасына киргизүү планы турат. Ошентип, биргелешкен идеяларды ишке ашыра
баштайбыз. Бүгүнкү болгон бизнес-диалог планды жүзөгө ашырууда конкреттүү
кадамдарды жасоого шарт түзөт. Европалык компаниялар биздин кендерди чалгындоо
менен иштетүүгө катышты. Аны биздин тизмеге кошту. Ошого ылайык, биз кендерди
жана өндүрүш көлөмүн туруктуу көбөйтүп келебиз. Ошондуктан, маанилүү жана сейрек кездешүүчү
металлдар рыногунда татыктуу орунду ээлейбиз.
Белгилей кетсек, Евробиримдик - Казакстандын негизги соода өнөктөштөрүнүн бири. Өткөн жылы ата мекендик экономикага тартылган түз инвестициянын көлөмү 12,5 миллиард долларга бааланган.
Которгон: Илгиз Жамалбеков