Бул тууралуу Касым-Жомарт Токаев өкмөттө өткөн социалдык-экономикалык маселелер боюнча жыйында билдирди. Анын айтымында, аймактагы мунайдын кору түгөнүп баштаганда Мангыстаудагы абал кыйындашы мүмкүн. Андыктан жаштар башка кесиптерге да көңүл буруп, аны өздөштүрүп башташы керек, деди президент. Ал үчүн IT тармагы келечектүү багыт боло алат. Өз кезегинде облус жетекчиси Нурлан Ногаев мамлекет башчынын тапшырмаларын аткарууда облустун дарамети чоң экенин айтты.
Нурлан Ногаев, Маңгыстау облусунун акими:
- Бүгүнкү күндө аймакта тоо-кен, мунай-газ, туризм, кайра иштетүү өнөр жайы жана айыл чарбасы сыяктуу салттуу тармактардан тышкары өнүккөн. Бул үчүн республикалык казынадан жана облустук бюджеттен да каражат бөлүнөт. Мындан тышкары жеке булактардан каражат тартууну пландап жатабыз. Муну менен биз тоо-кен жана башка негизги тармактарды гана эмес, технологиялык трансферт менен IT тармагын да камсыз кылабыз.
Которгон: Илгиз Жамалбеков