«Террорчулар өлкө туруктуулуугуна шек келтирип, элди коркутуу үчүн абалды курчутууну көздөшкөн», - деди Касым-Жомарт Токаев. Президент жаңы маегинде каргашалуу үчтүн айындагы окуялардын себептери жана кесепеттери тууралуу айтты. Мамлекет башчысы жыйынтык чыгарууга азырынча эрте экенин белгиледи. Окуяны кылдат талдап, баалоо керек. «Элден жашыра турган эч нерсе жок», - деди президент. Ал Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун аскерлерин чакырганына өкүнбөй турганын баса белгиледи.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:
- Өкүнбөйм. Бул эч кандай өкүндүрө турган чечим эмес. Тескерисинче, бул туура чечим болду деп ойлойм. Анткени, куралдуу бандиттер Алматыны талкалап, башка шаарларга коркунуч келтирди. Бул куралдуу контингент болбосо террористтер башка да шаарларды басып алышмак. Куралдуу кагылыштар Талдыкорган, Тараз, Шымкент, Кызылорда шаарларында орун алды. Борбор калаада террорчулардын даярдыгы байкалды. Алар Акордого кол салууга да даяр болчу. Айрым серепчилердин айтымында, террорчулар Казакстандын эки чоң шаарын басып алууну көздөгөн. Бул Сириядагы сценарийге окшош план. Ал өлкөдө террористтер Дамаск менен Ракканы басып алууга аракет кылышкан. Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) аскерлери өлкөбүздө бир да жолу ок чыгарган жок. Муну ачык айтыш керек. Алар негизги стратегиялык объектилерди гана кайтарып турушту.
Мамлекет башчысы жаңы Казакстанды калыптандыруу үчүн мамлекеттик кызматкерлерге коюлган талаптар абдан жогору болушу керектигин белгиледи.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:
- Ар бир адам бир учурда министр же аким боло албайт. Бул айдан ачык. Бул бир аз убакытты жана көп тажрыйбаны талап кылат. Мындай кызматтарга билимдүү, квалификациялуу, ишенимдүү жарандарды коюш керек. Мурдагы адистердин баарын кызматтан алуу туура эмес.
Орусча айтканда, «политическая чистка», тагырак айтканда, «саясий тазалоого» баруунун кажети жок. Мамлекеттик башкаруу тармагына акырындык менен жаңы адистер келет. Бул нормалдуу жараян. Бирок бир нерсени эстен чыгарбоо керек. Мамлекеттик кызмат эксперименталдык аянтча эмес! Ошондуктан бул ишти акырындык менен ишке ашырабыз.
Которгон: Илгиз Жамалбеков