Казакстандын Борбордук шайлоо комиссиясы президенттикке үч талапкерди каттоодон баш тартты. Казакстан Курулушчулар союзу тарабынан сунушталган Талгат Ергалиев, «Асар» Оралмандардын Ассоциациясы республикалык коомдук бирикмесинен Хайрулла Габжалилов жана «Практикалык психология» коомдук бирикмесинен Фатима Бизакова өлкөнүн «Конституциянын курулушу жөнүндө» конституциялык мыйзамынын талаптарына жооп бербейт.
Которгон: Илгиз Жамалбеков