Казакстан менен Кытай Эл Республикасынын ортосунда дипломатиялык мамиле түзүлгөндөн бери 200гө жакын документке кол коюлган. Аларга саясий-укуктук, экономикалык, социалдык-маданий, илимий-билим берүү тармактары кирет. Бул тууралуу Казакстан-Кытай: достук коңшулук жана өз ара пайдалуу кызматташтыктын үч он жылдыгы юбилейлик китебинин бет ачарында айтылды.
Басылма казак, кытай, орус тилдеринде жарык көрдү. Анда 1992-жылдан берки карым-катнаш, алыш-бериш мамилелери, изилденген. Китепте эки тарап кол койгон, мурда жарыяланбаган документтердин толук реестри жана негизги стратегиялык документтердин тексттери камтылган. Кытай өлкөбүздүн эң ири соода өнөктөштөрүнүн бири. Өткөн жылы эки тараптуу соода жүгүртүү 18 миллиард доллардан ашты. Кытайдан Европага темир жол аркылуу жөнөтүлгөн жүк контейнерлеринин 51 пайызы биздин өлкөнүн аймагы аркылуу өтөт. Презентацияга эки өлкөнүн элчилери онлайн режиминде катышып, аталган өлкөлөрдүн дипломатиясындагы приоритеттүү багыттар тууралуу маалымат беришти.
Шахрат Нурышев, Казакстандын Кытай Эл Республикасындагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси:
Акыркы 30 жыл ичиндеги Казакстан-Кытай мамилелеринин негизги ийгилиги – саясий чыр-чатактын жоктугу, Кытайдын Казакстанга коопсуздук кепилдиги, чек ара маселесин түп-тамырынан бери чечүү, транс чек аралык дарыялардын суу ресурстарын өткөрүү маселеси боюнча сүйлөшүүлөрдүн башталышын атап өтүүгө болот.
Которгон: Илгиз Жамалбеков