К. Токаев мугалимдерди келе жаткан мугалимдер күнү менен куттуктады

К. Токаев мугалимдерди келе жаткан мугалимдер күнү менен куттуктады

Бүгүн Мамлекет башчысы педагогдорду келе жаткан Мугалимдер күнү менен куттуктады. Ал кесиптик майрамдын өзгөчө ролун белгилеп, мугалимдер өлкөдө өзгөчө урмат-сыйга ээ экенин, анткени алардын өлкөнүн гүлдөп-өсүшүнө кошкон салымы баа жеткис экенин баса белгиледи. Мамлекет өз кезегинде бул тармакты активдүү өнүктүрүүдө. Мисалы, тармакты каржылоонун көлөмү үч эсеге көбөйдү. Өлкөдө 1200 жаңы мектеп ачылды. Дагы 150сү «Келечек мектептери» улуттук долбоорунун алкагында курулду. Мындан тышкары, мугалимдердин макамын жогорулатуу боюнча атайын мыйзам кабыл алынды. Бул кесип жаштар арасында суроо-талапка ээ. Быйыл педагогикалык адистиктер боюнча 13 миңден ашык грант бөлүндү. Касым-Жомарт Токаев дагы бир жолу баса белгилегендей, билим берүүгө жана илимге көңүл бурбастан алдыңкы улут болуу мүмкүн эмес. Ошондуктан Президент тармакты санариптештирүүнүн келечегине өзгөчө токтолду.


Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:


- Балдарды мектептен баштап эле санариптик сабаттуулукка үйрөтүү зарыл. Окуучулар окуу процессинде алдыңкы технологияларды натыйжалуу колдоно билүүгө тийиш. Бул мугалимдерге да тиешелүү: педагогдор заманбап көндүмдөрдү өздөштүрүүсү маанилүү. Билим берүү системасында жасалма интеллектти кеңири колдонуу керек. Санариптик мамлекетке айлануу – бир күндүн иши эмес. Негизинен, сөз мектептик билим берүү системасынан баштап түп-тамырынан бери жаңы ыкмаларды киргизүү жөнүндө болуп жатат. Сиздер, урматтуу мугалимдер, бул маанилүү миссияны ишке ашырууда жигердүүлүк көрсөтөсүздөр деп ишенем.

 

Касым-Жомарт Токаев бир катар педагогдорго – мектеп мугалимдерине жана колледждер менен жогорку окуу жайларынын окутуучуларына билим берүү тармагына кошкон зор салымы жана өлкө алдындагы өзгөчө эмгеги үчүн мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды.

Которгон: Илгиз Жамалбеков