Түндүк Казакстан облусунда 3 согуштун ардагери жашайт

Түндүк Казакстан облусунда 3 согуштун ардагери жашайт

Казакстандын түндүк аймагында согуштун үч ардагери жашайт. Алардын бири-Валентина Волкодав. Катаал согуш башталганда ал 19 жашта эле. Жаш болсо да, эч ойлонбостон колуна курал алып, Мекенди коргоого аттанган. Алгач көпүрө куруу отрядынын катарына кошулган. Согуш талаасында жоокерлерге жол салуу менен алектенген. Ушул жылдын жалган куран айында ардагер 103 жашка толду.

Валентина Волкодав, согуш ардагери:

- Мен аскер кызматкери болом деп эч качан ойлогон эмесмин. Согуш башталганда бизге аскердик билет берилди. Мен мектепти жаңы эле аяктап, институтка окууга барууну пландап жаткам. Бирок Мекенди коргоого жөнөдүк. Эч качан согуш болбосун деп тилейм.

Валентина Волкодав Берлинде Жеңиш күнүн тоскон. Анын көкүрөгүндө «Германияны жеңгендиги үчүн», «Варшаваны бошоткондугу үчүн» жана «Берлинди алгандыгы үчүн» медалдары – эрдиктин символу. Согушту басып өткөн жолдун күбөсү. Түндүк Казакстан облусунан Экинчи дүйнөлүк согушка жалпысынан 90 миңден ашуун адам аттанган. Алардын жарымы согуш талаасынан кайткан эмес.

Которгон: Илгиз Жамалбеков