К.Токаев Брюсселге расмий сапар менен барды

К.Токаев Брюсселге расмий сапар менен барды

Казакстандын президенти Брюсселге расмий сапары менен барды. Касым-Жомарт Токаевдын келишине байланыштуу Бельгиянын борборунун аэропортунда Ардактуу күзөт ротасы сап түзөдү. Мамлекет башчысын Европа Биримдигинин Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Эдуардс Стипрайс жана башка расмий адамдар тосуп алышты.

Андан кийин Касым-Жомарт Токаев Бельгияда билим алып, иштеп жаткан Казакстандын жарандары менен жолугушуп, колдоосун билдирди. Мамлекет башчысы сүйлөшүү учурунда жаңы Конституциянын кабыл алынышы менен куттуктады. Ал жаңы Баш мыйзамда билимди, илимди жана инновацияны өнүктүрүү мамлекеттик ишмердүүлүктүн стратегиялык багыты катары белгиленгенин айтты. Ошондой эле жаштарды бир нече чет тилди өздөштүрүүгө чакырды. Өз кезегинде мекендештер окуудагы жана иштеги жетишкендиктери тууралуу айтып, келечек пландары менен бөлүштү. Жолугушуунун соңунда Президент Бельгияда жашаган студенттерге жана Казакстандын жарандарына ийгилик каалады.

Которгон: Илгиз Жамалбеков