Казакстан Конго үчүн спутниктик платформа иштеп чыгат

Казакстан Конго үчүн спутниктик платформа иштеп чыгат

Казакстан космостук технологиялардын экспортун кеңейтүүдө. Республика Конго үчүн жерди аралыктан зонддоо космостук системасын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча инвестициялык келишим түздү. Анын алкагында спутник платформасын түзүү каралган. Ал жер үстүндөгү жогорку тактыкта жана ыкчам мониторингди жүргүзө алат. Мындан тышкары, Казакстан платформадан тышкары окутуу жана тажрыйба алмашууну камтыган комплекстүү чечимди сунуштайт. Жалпысынан алганда, долбоор Африка мамлекетинде улуттук коопсуздук, ресурстук мониторинг, айыл чарба, экология жана шаар куруу боюнча космостук технологияларды өнүктүрүүгө багытталган. Белгилей кетсек, бул макулдашуу Конго Республикасына жерди аралыктан зонддоочу спутниктердин эл аралык тобуна кошулууга мүмкүндүк берет. Бул топко Монголия кирет. Тармактык мекемеден белгилешкендей, келишим эки тараптуу кызматташтыкты да кеңейтет. Эң башкысы-Казакстан натыйжалуу технологиялык иштеп чыгуулардын борбору катары өз позициясын арттырмакчы.

Которгон: Илгиз Жамалбеков