Брюсселге Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаевдин расмий сапары
Казакстан менен Евробиримдиктин көп тараптуу кызматташтыгын кеңейтүү үчүн жаңы
мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Буга европалык серепчилер ишенишет. Алар биздин өлкө
Евробиримдиктин Борбордук Азиядагы негизги соода өнөктөшү экенин баса
белгилешет. Казакстандын тышкы соодасынын жарымына жакыны Евробиримдиктин
үлүшүнө туура келет, ал эми эки тараптуу товар жүгүртүү өткөн жылы эле 45
миллиард доллардан ашты. Бельгия өлкө үчүн маанилүү өнөктөш бойдон калууда.
Мисалы, 20 жылдын ичинде Бельгиянын Казакстандын экономикасына түздөн-түз
инвестициясынын көлөмү дээрлик 15 миллиард долларга жетти, Казакстанда
бельгиялык капитал катышкан 100дөн ашуун ишкана иштейт. Аналитиктер энергия,
критикалык маанилүү минералдар, транспорт жана инвестиция тармактарында
кызматташууга Европа тарабынын жогорку кызыгуусун билдиришет. Мындан тышкары,
адистер Казакстандын Еврокомиссия жана Еврокеңеш сыяктуу Евробиримдиктин
негизги институттары менен өз ара аракеттенүүсүн мындан ары чыңдоону маанилүү
деп эсептешет. Алардын пикиринде, эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүгө виза
режимин либералдаштыруу жана жарандардын ортосундагы байланыштарды кеңейтүү
боюнча демилгелер да өбөлгө түзөт.
Валерия Санти, саясат таануучу:
– Казакстан, албетте, ЕБ менен Борбор Азиянын ортосундагы мамилелерде
маанилүү роль ойногон жана ЕБ үчүн аймактын дипломатиялык жана экономикалык
тиреги болуп саналат. Бир нече негизги багыттар бар: энергетика, критикалык
маанилүү минералдар, транспорт жана климат. Энергетика жагынан, бул ЕБдеги уран
жана атомдук энергетиканы да камтыйт.
Кейт О’Риордан, Brussels Institute for Geopolitics институтунун изилдөөчүсү:
– Казакстан ЕБ үчүн экономикалык жана дипломатиялык жактан маанилүү өнөктөш деп эсептейм. Акыркы жылдары Европада Казакстандын жана Борбор Азия аймагынын стратегиялык ролуна болгон кызыгуу күч алууда. Буга, атап айтканда, аймакка инвестицияларды көбөйтүүнү караштырган Global Gateway демилгесинин ишке ашырылышы өбөлгө түзүүдө.
Которгон: Илгиз
Жамалбеков

