Суу ресурстарын натыйжалуу пайдаланууну бекем козөмөлдөө кажет

Суу ресурстарын натыйжалуу пайдаланууну бекем козөмөлдөө кажет

Суу ресурстарын натыйжалуу пайдаланууну катуу көзөмөлдөөнү камсыз кылуу зарыл. Премьер-министр өкмөттө өткөн вегетация мезгилинин өтүшү боюнча жыйында дал ушундай тапшырма берди. Азыр суу сактагычтардагы суунун көлөмү – 19 миллиард куб метрден ашат. Сугарылуучу суунун көлөмүнүн 98%ын түштүктөгү беш облус – Жетису, Алматы, Жамбыл, Түрксетан жана Кызылорда облустары пайдаланат. Бул аймактарда 1,2 млн гектар жер сугарылат. Бекитилген планга ылайык, аталган облустарга быйылкы сугаруу мезгилинде 10 миллиард куб метрден ашык суу берүү пландалууда. Жетису жана Алматы облустарында айыл чарба жерлери суу менен толук камсыздалган. Сугаруу мезгили штаттык режимде Жамбыл облусунда да сакталып отурат. Түркестан менен Кызылорда аймагында вегетациялык мезгил 20 күн мурда башталды. Аймакта нымдуулуктун төмөндүгүнө байланыштуу сууну керектөө болжол менен 50%га өстү. Суунун чыгымын оптималдаштыруу жана айыл чарба жерлерин бирдей сугарууну камсыз кылуу үчүн кезек-кезеги менен жана түнкү сугаруу системасы киргизилди. Ошондой эле, дренаждык суу кайра пайдаланылат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков