Аймактарда окуу процессин уюштуруу иштери уланууда

Аймактарда окуу процессин уюштуруу иштери уланууда

Окуу-агартуу министрлиги өлкөнүн суу каптоодон жабыркаган аймактарында окуу процессин уюштуруу иштерин улантууда. Аймактарда байланышты камсыз кылуу  жана аралыктан билим берүүнү сапаттуу уюштуруу үчүн  жогорку ылдамдыктагы интернет орнотулуп жатат. Азыр Костанай, Актөбе, Улытау жана Чыгыш Казакстан облустарындагы 13 мектеп Starlink желесине кошулду. Эвакуация пункттарындагы 5 миңге жакын бала ден соолукту жакшыртуу борборлоруна жана жатаканаларга жайгаштырылды. Ошондой эле, балдар жана ата-энелер үчүн 8 миңге жакын кошумча орун даярдалды. 

Мереке Нурмуханова, Окуу-агартуу министрлигинин расмий өкүлү:  

- Педагогдорду колдоо максатында Атырау, Акмола, Актөбе, Батыш Казакстан, Түндүк Казакстан жана Костанай облустарынын мугалимдерин аттестациялоодон өткөрүү мөөнөтүн кийинкиге калтыруу чечими кабыл алынды. Республиканын 42 мектебинде окуучулардын жетишкендиктерин баалоо боюнча мониторинг жүргүзүлбөй турган болду. Актөбе, Атырау облустарынын бардык билим алуучулары үчүн  БЖБ менен ТЖБ өткөрүлбөйт. Ар бир абал боюнча чечим жергиликтүү аткаруу органдары менен Окуу-агартуу министрлигинин протоколунун негизинде кабыл алынат. 

Которгон: Илгиз Жамалбеков