Казакстан – дүйнөлүк деңгээлдеги саясий абройго ээ. Ал Борбор Азиядагы лидерлиги менен катар, дүйнөлүк саясаттагы чечүүчү мамлекеттердин бирине айланып отурат. Мындай пикирин Кыргызстандын дүйнөлүк саясат институтунун мудүрү Шерадил Бактыгулов билдирди. Серепчи Касым-Жомарт Токаевдин жакында эле орун алган АКШга, Кытайга жана Орусияга сапарларын мисал кылды. Саясат таануучу Казакстан географиялык жайгашуусун, кен байлыктарын, башка мамлекеттердин геосаясий жана геоэкономикалык демилгелерин эске алып, өз кызыкчылыгына ылайык көз карандысыз тышкы саясат жүргүзүп келет.
Шерадил Бактыгулов, Кыргызстандын дүйнөлүк саясат институтунун мүдүрү:
- Дүйнөлүк саясаттагы таасири чечүүчү мааниге ээ. Борбор Азия мамлекеттери дүйнөдө орун алып жаткан каатчылыктарга байланыштуу өз позициялары менен максаттарын, кызыкчылыктарын түздөн-түз Казакстандын башчысы аркылуу жеткирип келишет.
Казакстандын жетекчиси акыркы айларда өлкөнүн дипломатиялык кубатын айгинелеген бир нече иш сапарга аттанды. Бул тууралуу Азербайжандык саясат таануучу Анастасия Лаврина билдирди. C5+АКШ саммитинде Вашингтон Казакстанды Борбордук Азиянын турукташтыруучусу деп атады. Серепчи муну менен кошо, Кавказ мамлекеттери менен биргелешкен демилгелердин жардамы менен Казакстан транзиттик өткөрүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүнү саясий деңгээлде чечкенин айтты. Астананын мындай жигердүү тышкы саясаты анын дүйнөлүк лидерлер менен бекем өнөктөштүк орнотконун көрсөтөт.
Анастасия Лаврина дипломатия жана өнүгүү институтунун кызматкери /Азербайжан/:
- Азыркы учурда Казакстан «Борбор Азия + АКШ» форматынын негизги бенефициарларынын бири. Вашингтондогу жолугушууда бул ачык байкалды, себеби АКШ Казакстанды аймактагы турукташтыруучу борбор, ошондой эле энергетика, логистика, климаттын өзгөрүшү маселелериндеги стратегиялык өнөктөш деп тааныды. Казакстан Борбордук Азия мамлекеттеринин өз ара өнөктөштүгүн чыңдоодо жана АКШ менен болгон мамилелердеги орток демилгелердин иш жүзүндөгү жол көрсөтүүчүсүнө айланды.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

