Транскаспий эл аралык транспорт багыты аркылуу жүк ташуу көлөмү 10 миллион тоннага чейин жетиши мүмкүн. Бул көрсөткүчкө жетүү үчүн суроо-талап да, технологиялык мүмкүнчүлүктөр да жетиштүү. Бул тууралуу Казакстандын президенти Азербайжан маалымат агенттигине берген маегинде билдирди. Касым-Жомарт Токаевдин айтымында, Астана менен Баку бул багытта комплекстүү чараларды жүзөгө ашырып келет. Мунун айкын көрсөткүчү катары 2022-жылдын аягында кабыл алынган «Тар жерлерди» удаа жоюу боюнча иштөө тууралуу жана Казакстан, Азербайжан менен Түркия ортосундагы «Орто» коридорду өнүктүрүүгө багытталган Жол картасын айтууга болот. Ал 6 жылга багытталган.
Айта кетсек, 2022-жылы бул багыт боюнча жүк ташуу көлөмү эки эсеге өскөн. Ал эми 2023-жылы көрсөткүч 2,7 миллион тонна, башкача айтканда 65%га чейин өскөн. Бул - Транскаспий эл аралык транспорт багытынын континенттер аралык жүк ташуудагы ролунун жогорулашынын көрсөткүчү.
Белгилей кетсек, жалган куран айынын 11-12де Казакстандын Президенти Азербайжанга иш сапары менен барат. Касым-Жомарт Токаев кесиптеши Ильхам Алиев менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, алгачкы казак-азербайжан Жогорку мамлекеттер аралык кеңешинин жыйынына катышат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков