Атырау облусунун
экологиялык абалы учкучсуз башкарылуучу аппараттар менен көзөмөлдөнөт. Авиация
тармагынын адистери Амир Мейрамгалиев менен Нурсултан Турсунов дрондун жардамы
менен суу ташкынын, коруктун өртүн, канаттуулардын кырылышы сыяктуу кырдаалдарды
көзөмөлдөөчү аппаратты кураштырышкан. Ал 3-4 саат үзгүлтүксүз учуп, 140
чакырымды басып өтө алат.
Нурсултан Турсынов,
долбоор автору:
– Биз чыгарып
жаткан аппараттарыбыз азырынча эксперименталдык тармакка кирет. Иш жүзүндө
жасалганы менен, дагы тажрыйба керек, кайсы жери кемчиликтерин сертификатын
алуу үчүн дагы көп убакыт талап кылынат.
Азыркы учурда
учкучсуз учуучу аппараттардын ондон ашык түрү жасалган. Жаңы техникалар ишке
киришип да үлгүргөн. Ойлоп табуучулар кубаттуу мультиротордук дрондорду жасап
чыкмакчы. Ошентип, алар санавиация тармагын өнүктүрүүгө түрткү берет.
Амир Мейрамгалиев,
долбоор жетекчиси:
– Бул
долбоорлордун ар бири коом, эл үчүн, айрыкча биздин аймак үчүн маанилүү.
Алардын катарында өрткө каршы дрондор да бар. Башкача айтканда, бийик
кабаттардагы өрттү өчүрүүгө арналган. Ар бир модификация белгилүү бир убакытты
талап кылат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

