Казакстандагы
конституциялык реформа талкуусу дүйнөлүк маалымат каражаттарынын көңүлүн
бурдурууда. Чет элдик талдоочулар алдыдагы өзгөрүүлөрдү тайманбас кадам жана
чыныгы саясий трансформациянын белгиси деп аташууда.
Маселен,
Hungarian Conservative аттуу венгриялык журнал кеңири макала жарыялады. Басылма
бийлик түзүмүндөгү негизги реформаларга - вице-президенттин кызматын киргизүүгө
жана бир палаталуу Курултайды түзүүгө басым жасайт. Макаланын авторунун
пикиринде, бул Казакстандын ишенимдүү экономикалык өнөктөш катары позициясын
бекемдейт. Ошондой эле, өлкөнү эл аралык инвесторлор үчүн дагы да тартымдуу
багытка айландырат.
Борбордук
Азиядагы эң ири өлкө – Казакстан масштабдуу демократиялык реформалардын жолунда
бара жатканы британиялык EU Today интернет-басылмасынын макаласында белгиленет.
Бул республиканын адам укуктарын коргоо жана мыйзам үстөмдүгү жаатында аймактык
лидер катары макамын бекемдейт. Ал эми жаңы Конституциянын башкы артыкчылыгы –
адам эң жогорку баалуулук. Материалда Казакстандын конституциялык тарыхында
мындай тезис биринчи жолу бекитилип жатканына өзгөчө басым жасалган.
Өз кезегинде,
The Times of Central Asia басылмасы реформалардын жалпы логикасына көңүл буруп,
аларды бийликтин тең салмактуулугун, жоопкерчиликти, саясаттын болжолдуулугун
жана мамлекеттин жарыяланган артыкчылыктарын аныктоо боюнча кеңири милдеттин
бир бөлүгү деп эсептейт. Бул институттарды кайра курууга да, тышкы саясатты
Конституция деңгээлинде бекитүүгө да тиешелүү.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

