Казакстанда 42 жаңы суу сактагыч курулуп, дагы 37 суу сактагыч жаңыланат. Ошондой эле 14 жарым миң чакырым ирригациялык каналдары тартылат. Бул чаралар 2024-2028-жылдарга өлкөнүн суу тармагын өнүктүрүүнүн комплекстүү планында каралган. Өкмөттө суу ташкынын алдын алуу жолдору каралды. Суу каптоо мезгилинде өлкө калкты суу ташкынынан коргоонун дагы бир жолу катары аны болжолдоо системасын ишке ашырат. Бүгүнкү күндө анын бирдиктүү методологиясы бекитилди. Маалымат тутуму ушул жылдын аягында тесттик режимде иштей баштайт. Мындан тышкары куткаруучуларды атайын кийим-кече жана шаймандар менен камсыз кылуу жолдору каралып жатат.
Шынгыс Аринов, Өзгөчө кырдаалдар министри:
– Сапаттуу атайын автоунаалар жана инженердик техникалар, анын ичинде суу кемелери, учактар жана тик учактар сатылып алынат. Биз учкучтарды түнкүсүн жана аба ырайынын катаал шарттарында учууга окутуп- үйрөтүүнү пландап жатабыз. Өрт өчүргүчтөр, медициналык кызматкерлер жана куткаруучулар бир жерде жайгашкан уникалдуу өрт бекети түзүлөт. Бул ыкчам аракет этүүнү жогорулатууга жана жарандарды куткарууда өз убагында чараларды көрүүгө мүмкүндүк берет.
Которгон: Илгиз Жамалбеков