Трансказакстандык транспорт коридорун өнүктүрүү

Трансказакстандык транспорт коридорун өнүктүрүү

Транзит – башкы багыт. Бул жөн гана сөз эмес, кеңири иш алып баруу. Бүгүнкү күндө Казакстан Трансказакстан коридорун түзүүдө. Түндүк, түштүк жана чыгыш аймактарды кошо алганда, бир нече багытта темир жол курулушу жүрүп жатат. «Казакстан темир жолу» улуттук компаниясы белгилегендей, иштер тездетилген темпте жүрүп жатат – бул транзиттик агымдарды кайра бөлүштүрүүгө мүмкүндүк берет. Мисалы, Достук-Мойынтынын ишке киргизилген экинчи жолу менен бир айда 647 жүк жана 235 контейнердик поезд өткөн. Ал эми линия толук ишке киргенден кийин Кытайдан келген жүк агымынын өткөрүү жөндөмдүүлүгү дагы 5 эсеге көбөйөт.

Марат Искалиев, «КТЖ» Улуттук компаниясынын курулуш боюнча башкаруучу мүдүрү:

- Бүгүн 4 ири инфраструктуралык долбоорду ишке ашыруунун активдүү фазасы жүрүп жатат. Сиздер билгендей, аяк оона айынын 30да узундугу 836 чакырым болгон «Достук-Мойынты» долбоорунун жумушчу кыймылы башталган, жылдын аягына чейин пайдаланууга берүү актысына кол коюлат, экинчи долбоор - жергиликтүү "Казыбек би Жетиген" станциялары менен темир жол линиясын куруу. Бул Алматыны айланып өтүүчү линия, негизги жолдору 75 км, станциялык жолдору 121 чакырым, жумушчу кыймылы дагы ушул жылы аяктайт.

Кеңири курулуш Казакстан аркылуу транзиттин тартымдуулугун жогорулатууга гана эмес, өлкөнүн өнөр жай борборлорун бириктирүүгө да мүмкүндүк берет. Мисалы, «Дарбаза - Мактаарал» долбоору түштүк райондордун түз байланышын камсыздап, Борбор Азиядагы транзитти кайра бөлүштүрөт. Ал эми Кытай менен болгон чек арадан Каспий деңизине чейинки транспорттук коридордун негизги бөлүгү болгон «Мойынты-Кызылжар» линиясынын курулушу жүктүн жолдогу убактысын кыскартат.

Марат Искалиев, «КТЖ» Улуттук компаниясынын курулуш боюнча башкаруучу мүдүрү:

- Түркестан облусунда ишке ашырылып жаткан «Дарбаза-Мактаарал» долбоорунун жалпы узундугу 152 чакырым, графиги боюнча 2026-жылдын бештин айында бүтүрөбүз. Бул, албетте, транзитти көбөйтөт, өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатат, тиешелүү инфраструктуранын абалын жакшыртат, бул биздин түздөн-түз милдетибиз. Албетте, бул долбоор ишке ашырылып жаткан аймактардын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошумча түрткү берет.

Бахты – Аягоз линиясын куруу да параллелдүү түрдө жүрүп жатат. Бул Кытай менен үчүнчү темир жол өткөөлү болуп, коридордун өткөрүү жөндөмдүүлүгүн дээрлик эки эсеге – жылына 28 миллион тоннадан 48 миллион тоннага чейин көбөйтөт. Жаңы 300 чакырымга жакын тилке жеткирүү маршрутун дагы 320 километрге кыскартат. Жалпысынан өлкөдө 3 жылдын ичинде 5 миң километрге жакын темир жол куруу, ошондой эле иштеп жаткан 11 миң чакырым линияны оңдоо пландаштырылууда.

Которгон: Илгиз Жамалбеков