Казакстанда тайган менен дөбөт күнү белгиленди

Казакстанда тайган менен дөбөт күнү белгиленди

Казакстанда аяк оона айынын 3ү казак ит породалары – тайган менен дөбөт күнү катары расмий бекитилди. Экология жана жаратылыш ресурстары министрлиги мындай демилгени көтөрүп, атайын токтом чыгарды. Бул майрамды киргизүү-казак элинин маданий мурастарын, тарыхын жана каада-салттарын жайылтуудагы маанилүү кадам. Ошондой эле, аны эскерүү этнографияга жана улуттук маданиятка кызыккан чет элдик туристтердин көңүлүн бурууга өбөлгө түзөт. Тармактык мекеменин адистери майрамды белгилөө казак породасындагы иттерди үйрөтүүчүлөр менен кинологиялык уюмдардын ортосунда тажрыйба алмашууга кеңири мүмкүнчүлүк берерин белгилешет. Эскерте кетсек, мамлекет башчысынын тапшырмасы менен эл аралык тайган жана дөбөттү таануу боюнча иштер жүрүп жатат. Аталган породалар өлкөнүн улуттук бренди катары таанылган. Франциянын президенти Эммануэль Макронго тайгандын эки күчүгү белекке берилди.


Сериккали Байыржан, Казакстан кинологдору биримдигинин президенти:


- Аяк оона айынын 3ү күнү кокусунан тандалган эмес. 2024-жылдын дал ушул күнү Казакстандын кинологдор биримдиги эл аралык кинология федерациясынын башкы комитетинде казак тайганы породасын расмий коргоп,  өлкөнүн стандарттуу алып жүрүүчүсү катары укуктарын коргойт. Башкача айтканда, уникалдуу породанын ээси катары Казакстан бекитилгени тарыхый окуяга айланды. Бул күн Казакстандын улуттук байлыгына айланган ит породасынын дүйнөлүк деңгээлде таанылышын белгиледи. Тарыхыбызды жана маданиятыбызды сактоонун символу болуп калды.

 

Тайган менен дөбөт-казак эли үчүн эң ыйык жаныбар, "жети казынанын" бири. Алардын келип чыгышы тамыры тереңде жатат. Сүрөттөр байыркы таштарга чегилген петроглифтерде кездешет. Эң байыркы түрлөрү биздин заманга чейинки 7-10 миң жылдыктарга таандык.


Которгон: Илгиз Жамалбеков