Казакстан 2023-жылы 5,4 миллиард теңгелик айыл чарба өнүмдөрүн экспорттоду

Казакстан 2023-жылы 5,4 миллиард теңгелик айыл чарба өнүмдөрүн экспорттоду

Казакстан айыл чарба өнүмдөрүн өткөрүүнүн тышкы рыногун кеңейтүүдө. Парламентте өткөн өкмөттүк саатта өлкөнүн айыл чарба министри бул багыттагы дарамет  менен тааныштырды. Маселен, мал чарба азыктары Тажикстан, Бахрейн, Катар, Кувейт жана Оман мамлекеттерине жөнөкөйлөштүрүлгөн тартипте экспорттоло баштады. Ошондой эле ЕАЭБге, КМШ, Европа Биримдиги, БАЭ жана Жапония, Корея жана Кытайга мал чарба өнүмдөрүн экспорттоо боюнча жаңы ветеринардык талаптар макулдашылды. Ал эми КЭР менен терилерди жана кошумча өнүмдөрдү жеткирүү боюнча кабыл алуучу өлкө менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Эске сала кетсек, Азия өлкөсү быйыл канаттуулардын этин жана туяктуу жаныбарларды ташып келүүгө чектөөнү алып салганы белгилүү. Бүгүнкү күндө ата мекендик фермерлер эбегейсиз чоң рынокту багындыруунун рационалдуу жолдорун кылдат иштеп чыгууда. Бул жаатта кайра иштетилген өнүмдөргө артыкчылык берилет. Өткөн жылы агро өнөр жай комплексинин 5,4 миллиард долларлык товары экспорттолгон. Анын жарымына жакыны кайра иштетилген өнүмдөргө туура келет. Мында 8 пайыздан ашыгы мал чарбасына таандык.

Айдарбек Сапаров, айыл чарба министри:

-Айыл чарба өнүмдөрүн кайра иштетүүнү өнүктүрүүнүн комплекстүү планынын алкагында 5 жылга 372 миллиард теңгеден ашык, анын ичинде инвестициялык максаттарга 150 миллиард теңге жана жүгүртүүгө 222 миллиард теңге бөлүү пландаштырылууда. Пландын аткарылышы тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүүгө жакшы түрткү берет. Кайра иштетилген өнүмдөрдүн жалпы өндүрүшүн 1,4 эсеге көбөйтүүгө жана агро өнөр жай комплексинин өнүмдөрүн кайра иштетүү үлүшүн арттырууга мүмкүндүк берет.

Которгон: Илгиз Жамалбеков