Республика күнүн утурлай Президенттин жарлыгы менен бир топ жаран мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланды

Республика күнүн утурлай Президенттин жарлыгы менен бир топ жаран мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланды

Республика күнүн утурлай президент Касым-Жомарт Токаев жарандарды мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлады. Алардын арасында билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият жана илим ишмерлери, бизнес, өнөр жай өкүлдөрү, аскер кызматкерлери, спортчулар жана эмгек ардагерлери бар. Сыйлыктын ээлеринин арасында 450дөн ашык жумушчу, 137 педагог, 80ден ашык илимпоз, 100гө жакын куткаруучу жана ыктыярчылар бар. Жалпысынан быйыл мамлекеттик сыйлыктарды ыйгарууда жөнөкөй жумушчулардын эмгеги эске алынып, макамын арттырууга маани берилди.

Мамлекет башчысы Республика күнүнө арналган майрамдык концертке катышты

Ошондой эле Президент Республика күнүнө арналган «Кымбаттуу мекен – Казакстан» аттуу майрамдык концертине катышты. Астана Опера театрынын салтанаттуу кечесинде өлкөнүн белгилүү маданият ишмерлери жана чыгармачыл жамааттары өнөр тартуулашты.

Которгон: Илгиз Жамалбеков