Казак-фин мамилелерин
өнүктүрүүнү Касым-Жомарт Токаев Финляндиянын президенти Александр Стубб менен
талкуулады. Мамлекет башчылары эки тараптуу күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди Фин
тараптын демилгеси менен болгон телефондук сүйлөшүүнүн жүрүшүндө талкуулашты.
Тараптар мындан ары соода-экономикалык жана инвестициялык өз ара аракеттенүүнү
өнүктүрүүгө кызыкдар экендигин билдирди.
Касым-Жомарт Токаев 2025-жылы ЕККУдагы фин төрагалыгына ийгиликтерди каалап,
Казакстан конструктивдүү кызматташтыкты улантууга даяр экенин баса белгиледи.
Которгон: Илгиз Жамалбеков