Fitch эл аралык рейтинг агенттиги Казакстандын көз карандысыз насыялык рейтингин
«BBB» (трипл Би)
деңгээлинде ырастады. Божомол – «Туруктуу» Отчетто серепчилер негизги оң факторлорду - күчтүү фискалдык жана тышкы тең
салмактуулуктарды белгилешти. Алар тышкы таасирлерге туруктуулугун далилдеп
жатышат. Буга Улуттук фонддун валюталык активдери жана Улуттук банктын
алтын-валюта резервдери, мамлекеттик карыздын төмөн деңгээли, каржылоодогу
ийкемдүүлүк, туруктуу экономикалык өсүү жана калыптуу геосаясий тобокелдиктерди
кошкон. Мунай секторуна өзгөчө көңүл бөлүнүп жатат. Божомол боюнча, Теңиз
кенинин долбоорун кеңейтүү эсебинен «кара алтындын» өндүрүшүнүн өсүшү мунайдын дүйнөлүк баасынын төмөндөшүнүн
таасирине таасир этет. Ошондой эле, Fitch талдоочулары оң тенденциялар
арасына Салык кодексин реформалоо да бар дейт. Бул келечекте бюджеттин
тартыштыгын азайтууга таасир этет. Чийкизат эмес сектордун бюджет жана квази-бюджеттик механизмдер аркылуу
экономикага кошкон үлүшү да өзгөчө белгиленип жатат. Мындан тышкары, агенттик
өкүлдөрү АКШнын 25 пайыздык тарифтерди киргизүүсү Казакстандын жалпы ички дүң өнүмүнө олуттуу
таасир этпей тургандыгын айтып жатышат. Бул өлкөнүн тышкы соодасындагы өтө чоң
эмес үлүшүнө байланыштуу.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

