Транскаспий багыты аркылуу ташуу көлөмү 2024-жылы 60% өстү

Транскаспий багыты аркылуу ташуу көлөмү 2024-жылы 60% өстү

Транскаспий транспорттук коридору боюнча ташуулардын көлөмү акыркы 5 жылда 6 эсеге өстү. Коридор евразиялык логистиканын негизги түйүнүнө айланууда. Өткөн жылы бул багыт боюнча жеткирүүлөр 60%дан ашык өсүп, 4,5 миллионго жетти. Алдыдагы үч жылда Казакстан бул көрсөткүчтү санариптештирүү, портторду өнүктүрүү жана жаңы жүк терминалдарын куруу аркылуу эки эсеге көбөйтүүнү пландаштырууда. Белгилей кетсек, өлкөдө автоунаа жолдорунун тармагын жана темир жол инфраструктурасын масштабдуу жаңылоо иштери жүргүзүлүүдө. Бүгүнкү күндө авиация тармагы да активдүү өнүгүүдө. Шымкент, Кызылорда жана Алматы шаарларында жаңы жүргүнчүлөр терминалдары пайдаланууга берилди. Алматы шаарынын аба майданынын өткөрүү жөндөмдүүлүгү алты эсеге жакын өсүп, жылына 2,5 миллиондон 14 миллионго чейин жетти, ал эми Шымкентте бул көрсөткүч 6 миллионго жетти. Мындан тышкары, 6 авиациялык хаб курулат. Бул ири долбоорлорду өнүктүрүүгө ири инвестициялар тартылмакчы.

Максат Калиакпаров, Транспорт вице-министри:

- Президент Касым-Жомарт Кемел уулу Токаевдин тапшырмасы боюнча Казакстанда өлкөнүн транспорттук-логистикалык мүмкүнчүлүгүн өнүктүрүү үчүн ири инфраструктуралык долбоорлор ишке ашырылууда. Каспий, Азербайжан жана Грузия аркылуу Казакстанды Европа менен байланыштырган транскаспий транспорттук коридору сыяктуу мультимодалдык багыттар да активдүү өнүгүүдө. Ал үчүн Актау жана Курык порттору жаңыланып жатат. Өлкөбүздүн автожол тармактары чоң мааниге ээ. Жалпысынан, быйыл өлкөдөгү 13 миң чакырымдан ашык жол жаңыдан төшөлүп, кээ бир участоктору оңдолуудан өтөт. Жалпы 7 миң чакырымы орточо оңдоо менен камтылды.

Которгон: Илгиз Жамалбеков