Бул тууралуу президент Касым-Жомарт Токаевге Астана шаарынын акими баяндады. Ошондой эле, Жеңис Касымбек «Жайлуу мектеп» долбоорунун алкагында жаңы форматтагы 25 мектептин долбоору жасалып жатканын маалымдады. 100 миң орунга арналган билим чөйрөсүнүн курулушу быйыл башталат. Жолугушуунун соңунда Касым-Жомарт Токаев Астананын социалдык жана инженердик ифнраструктурасын мындан ары өнүктүрүү, шаарды жашылдандыруу жана көрктөндүрүү боюнча бир катар тапшырмаларды берди.
Которгон: Илгиз Жамалбеков