Казакстан
Ооганстанга гуманитардык жардамдын кезектеги партиясын даярдап жатат. Кошумча
жүк темир жол аркылуу жиберилет. Эскерте кетсек, кечээ Улуттук гвардиянын
атайын учагы Герат провинциясына чатырларды жана дары-дармектерди жеткирген.
Казакстандын гуманитардык жардамын Ооганстандын табигый кырсыктардын
кесепеттери менен күрөшүү боюнча штабынын өкүлдөрү кабыл алышты. Алар
казакстандыктарга ыраазычылыктарын билдиришти.
Гарвал Абдул
Саттар, Жер титирөө кесепеттерин алдын алуу боюнча штабдын өкүлү:
-Биринчиден, биз
Казакстан элине, президент Касым-Жомарт Токаевге абдан оор мезгилде бизге
жардам бергени үчүн ыраазычылык билдиргибиз келет. Жүктү кабыл алгандан кийин
атайын комиссия анын каякка жиберилерин талкуулап, чечим кабыл алат. Азыр каза
болгондорду жерге берип, жабыркагандарга биринчи жардам көрсөтүп жатабыз. Биз
ар бир жабырлануучуга максималдуу жардам көрсөтүүгө даярбыз. Бүгүн таңкы саат
05:00дө казакстандык куткаруучулар иштеп жаткан аймакта дагы жер титирөө болду.
Ушул тапта Казакстандын куткаруучулары Ооганстандын Наиброфи калктуу-конушундагы 76 жер тилкесин урандылардан тазалап бүтүштү. Мындан тышкары, медициналык борбордун дарыгерлери кырсыктан жабыркаган жергиликтүү тургундарга алгачкы медициналык жардам көрсөтүүдө. Эскерте кетсек, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулар тобу Ооганстанга барышкан. Анын курамындагы 45 адам бардык керектүү техникалар менен жабдылган. Алар тажрыйбалуу кинологдор, дарыгерлер жана башка куткаруучулар, учурда иштер уланууда.
Которгон: Илгиз Жамалбеков