Казакстандын Көз карандысыздыгы АКШда белгиленди

Казакстандын Көз карандысыздыгы АКШда белгиленди

Казакстандын Эгемендүүлүк күнү дүйнөнүн ар кайсы булуң-бурчунда белгиленип жатат. АКШнын Филадельфия шаарындагы казакстандыктар да чоң майрамдык иш-чара уюштурушту. Көгүлтүр желекти желбиретип, шаардын көчөлөрүнөн авто жүрүш өттү. Шаардын чок ортосунда гимн аткарылып, салтанаттуу түрдө туу көтөрүлдү. Иш-чарада Нью-Йорктогу башкы консул Раушан Есболатова Казакстан менен АКШнын ортосундагы бекем дипломатиялык байланыштарды белгиледи. Ошондой эле, ал Эгемендүүлүктү алгачкылардан болуп Америка Кошмо Штаттары тааныган мамлекеттердин бири болгонун эске салды.

Дэвид Оу, Филадельфия шаарынын мэринин кеңешчиси:

- Казак эли эркиндикти сүйгөн эл экенин улуттук кийимдериндеги оймо-чиймелерден да байкадым. Филадельфиядагы казак коомчулугу жыл сайын өсүп, бул шаардын өнүгүшүнө өз салымдарын кошуп келет.

Муну менен катар жаш дизайнер Айдана Омарованын казак үлгүсүндөгү кийимдеринин көргөзмөсү болуп өттү. Буга чейин ата мекендик дизайнердин бул эмгектерине Майамидеги коомчулук күбө болгон. Жаш саркеч чет элдиктердин улуттук кийимдерге кызыгуусу ар дайым жогору экенин айтат.

Айдана Омарова, дизайнер:

- Биздин кийимдер чет өлкөдө абдан жакшы кабыл алынат. Анткени оюмдарыбыз абдан кооз, көрүнүктүү, тарыхы бар. Бул АКШда абдан жакшы кабыл алынууда.

Брайан Картер, Филадельфия шаарынын тургуну:

- Мага казак маданияты дароо эле жагып калды. Ар түрдүү түстөрдү камтыган улуттук кийимдер дароо көзгө урунуп турат. Бул иш-чара аркылуу сиздер өз баалуулуктарыңызды жайылтып жатасыздар. Улуттук аспаптардын үнүн биринчи жолу уктум.

Которгон: Илгиз Жамалбеков