ЖОЖ жетекчилери Британияда билим деңгээлин жогорулатты

ЖОЖ жетекчилери Британияда билим деңгээлин жогорулатты

Казакстандын жогорку окуу жайларынын жетекчилери Улуу Британиянын алдыңкы университеттери менен тажрыйба алмашып, билим деңгээлин жогорулатты. Бул өлкөдө быйыл башталган “Университет жетекчилерине арналган лидерлик” программасынын алкагында мүмкүн болду. Ал ата мекендик ректорлордун, проректорлордун, декандардын жана кафедра башчыларынын квалификациясын жогорулатууга багытталган. 9 этапты камтыган долбоордун алкагында билим берүү мекемелерин эффективдүү башкаруу, баалуулук багыттарын түзүү жана академиялык программалардын сапатын жакшыртуу маселелери каралды. Интерактивдүү модулдардын бири эл аралык тажрыйбаны көздөйт.

Серик Макыш, Л.Н Гумилёв атындагы ЕУУ проректору:
- Стратегияны иштеп чыгууда, аны калыптандырууда жана ишке ашырууда, ошондой эле, таланттуу кадрларды издөөдө, аларды башкарууга байланыштуу Англиянын университеттеринен көп тажрыйба топтодук. Мен академиялык маселелер боюнча проректор катары стратегиябызга өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн барган жерлерибизден үйрөнгөнүбүздүн баарын өзүбүз үчүн колдонуп жатабыз.

Которгон: Илгиз Жамалбеков