Казакстан, Өзбекстан жана Түркмөнстан мамлекеттери өз ара бири-бирине колдоо көрсөтөт

Казакстан, Өзбекстан жана Түркмөнстан мамлекеттери өз ара бири-бирине колдоо көрсөтөт

Казакстан, Өзбекстан жана Түркмөнстан мамлекеттери менен өзгөчө кырдаалдар учурунда өз ара жардам көрсөтүү эрежелерин бекитти. Өлкөнүн сенатынын депутаттары жарандык коргонуу, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу жаатындагы кызматташтык тууралуу тараптардын макулдашуусун кабыл алышты. Аталган документ эки тараптуу тажрыйба алмашууга, кооптуу учурда тургундарды даярдоого, мамлекеттердин окуу жайларында жарандык коргонуу тармагындагы адистерди окутууга, бир өлкөнүн аймагындагы өзгөчө кырдаалды жоюу учурунда көмөк көрсөтүүгө мүмкүндүк берет. Келишимге катышкан өлкөлөрдүн аймагында, өзгөчө кырдаал болгон учурда авариялык-куткаруучу кошуундар мамлекеттик чек арадан өтүп, атайын техникаларды алып келе алышат. Анын эрежелери табигый жана техногендик сыпаттагы жер титирөөлөрдүн кесепеттерин азайтууга шарт түзөт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков