Транскаспий эл аралык транспорттук багыты боюнча казакстандык өнүмдүн экспорту үч эсеге өстү. Бул тууралуу Транспорт министрлиги маалымдады. Жалпысынан быйылкы жылдын 11 айында өлкөнүн деңиз порттору аркылуу алты жарым миллион тонна жүк өткөн. Бул өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 10% көп. Адистердин айтымында, басымдуу бөлүгүн Европа өлкөлөрүнө багытталган ата мекендик өнүмдөр түзөт. Мамлекет башчысы Транскаспий эл аралык транспорттук каттамы боюнча жүктөрдү жеткирүүнү 5 эсеге көбөйтүү милдетин койду. Бул багытта Азербайжан, Грузия жана Түркия менен тиешелүү жол карталарына кол коюлду. Аларды ишке ашыруунун алкагында ар бир өлкө транспорттук инфраструктураны биргелешип өнүктүрүү боюнча чараларды кабыл алып жатат. Бул жаатта Казакстандын тармактык мекемеси деңиз коридорлорун санариптештирүүгө, соода флотун өнүктүрүүгө, навигациялык коопсуздукту камсыздоого, порттордогу терминалдык кубаттуулуктарды арттырууга жана алардын инфраструктурасын жакшыртууга артыкчылык берип жатат. Мисалы, бүгүнкү күндө деңиз портторунун дарамети жүктөрдүн көлөмүн үч эсеге көбөйтүүгө жөндөмдүү.
Марат Карабаев, Транспорт министри:
- Келерки жылдан тартып Актау портунда контейнердик хабдын курулуш иштери башталат. Долбоорду ишке ашыруу үчүн Ляньюньган порту менен тиешелүү келишим түзүлдү. Курык портундагы дан терминалынын курулуш иштери быйыл аяктады. Мындан тышкары, порттун аймагында кургак жүктөрдү жана жашыл суутекти ташууга арналган терминалдар курулат. Жалпысынан Курык портунун терминалдарын өнүктүрүүгө багытталган инвестициянын көлөмү 200 миллион доллардан ашат. Булардын баары жеке инвестициялар.
Которгон: Илгиз Жамалбеков