Өкмөттө агро өнөр жай комплексин колдоо чаралары талкууланды

Казакстанда айыл чарба тармагына жеңилдетилген насыя берүүнүн рекорддук көлөмү катталды. Ал 3 эсеге көбөйүп, 580 миллиард теңгеге жеткирилди. Келерки жылдан тарта Айыл чарба тармагын каржылоо көлөмүн 700 миллиард теңгеге жеткирүү пландалууда. Бул тууралуу Премьер-министрдин атамекендик агроишканалардын өкүлдөрү менен кеңейтилген жолугушуусунда белгилүү болду. Анда тармакты колдоо маселелери жана түшүм жыйноо компаниясынын жүрүшү талкууланып, мамлекет башчынын өлкө элине кайрылуусунда белгиленген максаттарга жетүү боюнча чаралар каралды.

Олжас Бектенов, Казакстандын Премьер-Министри:

– Президенттин кайрылуусунда айыл чарбасын өнүктүрүү, айыл калкынын өндүрүмдүүлүгүн жана жыл бою иш менен камсыз болушун жогорулатуу, тармакты натыйжалуу жана ачык каржылоону камсыз кылуу жаатында конкреттүү милдеттер коюлган. Бул иш мамлекет менен бизнестин тыгыз кызматташтыгында жүргүзүлүүгө тийиш. Ушундай жол менен гана биз олуттуу натыйжаларга жетишебиз.

Өкмөт башчы белгилегендей, келерки жылдан тарта ата мекендик дыйкандар түз каржы институттарынан жеңилдетилген насыя ала алышат. Мамлекеттик каражаттардын натыйжасыз пайдаланылышына жол бербөө үчүн 2025-жылы кеңири масштабдагы айыл чарба каттоосу өткөрүлөт. Ал жер жана эгин аянттары, мал чарбачылыгы, айыл чарба техникасы жана инфраструктура боюнча маалыматтарды жаңылоого мүмкүндүк берет. Жыйында эгин оруп-жыйноо өнөктүгүнүн жүрүшү да талкууланды. Өлкөдө айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жалпы аянты 23 миллион гектардан ашык. Дан жана буурчак дан эгиндеринин 68 пайызы  жыйналды. Дыйкандар кант кызылчасынан былтыркы көрсөткүчтөрдөн дээрлик эки эсе жогорку түшүм күтүшөт.

Александр Хильчиненко, ишкер:

– Былтыр 7 миң гектар жерге кант кызылчасын сепсек, быйыл дээрлик 14 миң гектар жерге себилди. Башкача айтканда, жыл ичинде эки эсе көбөйтүүгө жетишти. Азыр кант заводдоруна 100% кант кызылчасы жүктөлөт. Башкача айтканда, негизги чийки зат. Эми дагы бир кант заводу керек деген суроо туулат, анткени аграрчылар мамлекеттин күчтүү колдоосун алды, ага ишеништи. Менимче, агрардык адам катары бул эң маанилүү маселелердин бири. 

Премьер-Министр оруп-жыйноо өнөктүгүн оптималдуу мөөнөттө аяктоо, жыйналган түшүмдү сактап калуу жана өнүмдү сатууну камсыздоону тапшырды. Ошону менен бирге ал Евбиримдик өлкөлөрүнө, Түндүк Африкага жана Түштүк-Чыгыш Азияга экспорттун жаңы багыттарын иштеп чыгуунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Которгон: Илгиз Жамалбеков