Казакстанга тартылган инвестициялардын агымы артууда

Казакстанга тартылган инвестициялардын агымы артууда

Евразия өнүктүрүү банкынан келген инвестициянын көлөмү боюнча Казакстан лидер болуп саналат. 2022-2026-жылдарга стратегиянын алгачкы 2 жылынын жыйынтыгы боюнча бул багытта куюлган каражаттар пландан 70%га өсүп, 2,2 миллиард доллардан ашуусу мүмкүн. Бул тууралуу өлкөнүн премьер-министри менен аталган каржы мекемесинин башкармалыгынын төрагасынын жолугушуусунда белгилүү болду. Учурда бул банк эл аралык өнөктөштөр менен биргеликте Алматы аэропортун модернизациялоону каржылап жатат. Мындан тышкары, Аягөз-Бахти темир жол линиясын жана Казакстан-Кытай чек арасындагы жаңы станцияны курууга байланыштуу биргелешкен долбоорлордун дарамети жогору. Жаңы инфраструктура жүк ташууну жылына 20 миллион тоннага көбөйтүүгө мүмкүндүк берет. Буга кошумча, эл аралык уюм «Астрахань – Мангышлак» магистралдык суу түтүгүн кеңейтүү долбооруна катышууга ниеттенүүдө. Николай Подгузов белгилегендей, Казакстан каржы институттарынан тартылган инвестициянын көлөмү боюнча лидер болуп саналат. Бүгүнкү күндө түрдүү тармактарда жалпы баасы 5,6 миллиард долларды түзгөн жүздөн ашык долбоор ишке ашырылды.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков