2029-жылы жүк транзити 35 млн тоннага жетет

2029-жылы жүк транзити 35 млн тоннага жетет

Казакстан 2029-жылга карата темир жол аркылуу өтүүчү жүк транзитин 35 миллион тоннага чейин жеткизүүнү мерчемдөөдө. Үстүбүздөгү жылдын 10 айында ал 22,5 миллион тоннаны түзүп, былтыркыга салыштырмалуу 20%га өстү. Бул жаатта контейнердик жеткирүүлөрдүн үлүшү басымдуулук кылат. Жалпысынан жыл аягына чейин өлкөнүн темир жолдору аркылуу 300 млн тонна жүк өткөзүү каралган. Тиешелүү министрликтин маалыматы боюнча, жыл башынан бери өлкөдө экспорттук жүк ташуу 8,5%га өскөн. Негизинен Кытай, Борбор Азия жана Европа өлкөлөрүнө багытталып жатат. Континенттин борборунда – көптөгөн эл аралык транспорттук каттамдардын түйүнүндө жайгашкан Казакстан жыл сайын өзүнүн транзиттик дараметин арттырып келет. Маселен, Казакстан менен КЭР ортосундагы жүк ташуу өткөн жылы 23 миллион тоннадан ашкан.  Бул көрсөткүчтү 76 миллионго жеткирүү көздөлүп жатат. Дарбаза-Мактаарал жаңы темир жол линиясынын курулушу кошумча жүк ташуу көлөмүн жылына 10 миллион тоннага жеткирүүгө мүмкүндүк берет. Темир жол тармагын өнүктүрүү боюнча ушул жана башка чаралар министрлер кабинетинин жыйынында талкууланды.

Алихан Смаилов, Казакстандын Премьер-министри:
- Жыл сайын Казакстан аркылуу Азия менен Европанын ортосундагы транзиттик жүк ташуулардын көлөмү өсүүдө. Мындай шартта инфраструктураны өнүктүрүү жана вагон паркын жаңылоо боюнча системалуу иштерди жүргүзүү зарыл. Бул максатта жакынкы 3 жылда узундугу 1 миң чакырымдан ашык жаңы темир жол линиялары курулат. Аны жаңылоо максатында 550дөн ашык локомотив, ошондой эле, жүргүнчү жана жүк ташуучу вагондор сатылып алынат. Муну менен катар, жалпы узундугу 5 миң чакырымга жакын колдонуудагы магистралдык темир жол желелери жаңыланууда.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков