Тактап айтканда, финляндиялык логистикалык оператор Кытай-Финляндия-Кытай маршруту боюнча республиканын аймагы аркылуу транзиттик жана Транскаспий эл аралык транспорт коридорунун алкагында контейнердик ташууларды өнүктүрүүгө ниеттенүүдө. «Kazakh Invest» компаниясынын маалыматы боюнча, буга чейин тиешелүү келишимге кол коюлган. Мындан тышкары, тараптар бул багытта үзгүлтүксүз биргелешкен контейнердик тейлөөнү ишке киргизүүнү макулдашты. Дагы бир компания Казакстанда иш алып барууга кызыкдар. Ал эми Финляндиянын коопсуздук жана химиялык агенттиги Казакстандын химиялык өнүмдөрүнүн дараметин жогорулатууну пландоодо. Атап айтканда, казакстандык өндүрүүчүлөр соода алмашууда жана чыгарууда тобокелдиктерди баалоо боюнча финляндиялык моделин сунуштоого даяр. Жалпысынан өткөн жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча Финляндиядан Казакстанга түз инвестициянын агымы 12 миллион доллардан ашты. Ал эми эки өлкөнүн соода жүгүртүүсү АКШ валютасында 180 миллионго жетти.
Которгон: Илгиз Жамалбеков