Өлкөдөгү баш аламандык учурунда бизнеске келтирилген зыяндын көлөмү 103,7 миллиард теңгеден ашты. Бул тууралуу Атамекен Улуттук ишкерлер палатасы билдирди. Колл-борборго 5 миң чалуу түшкөн. 2 миңге жакыны мародерлукка, 300гө жакыны ишканаларды калыбына келтирүүгө жана бузулган мүлктөрдү баалоого байланышкан. Колл-борборго кайрылып жаткан ишкерлер дагы эле бар. Андыктан бул сан сөзсүз көбөйүшү мүмкүн дешет адистер. Атайын комиссиянын маалыматына ылайык, өлкө боюнча 1615 ишкер объекти талкаланган. Алардын көбү Алматыда. Айрыкча товарларды сатуучу ишканалар катуу жапа чеккен. Мындайлардын саны бир жарым миңге жакын. Коомдук тамактануу жана финансы борборлору, логистикалык сектор да олуттуу зыянга учураган.
Которгон: Илгиз Жамалбеков