Өлкөдөн Европага экспорттук жүк агымын ушул багытка кайра багыттоо бүгүнкү талкуунун негизги темаларынын бири. Бул маршруттун актуалдуулугу күн сайын өсүүдө. Акыркы бир жылда бул боюнча казакстандык өнүмдүн экспорту 6,5 эсеге өстү. Жалпысынан аталган багыт боюнча жүктөрдү кайра ташуу 41%га өскөн. Бул Казакстандын мунайынын Азербайжан аркылуу ташылышына байланыштуу экенин адистер белгилешет.
Фархад Мамедов, саясат таануучу, Түштүк Кавказ изилдөө борборунун башчысы:
- Казакстандын өнүмдөрүн эл аралык рынокко жеткирүү боюнча өзүнүн талаптары бар. Бул тема Казакстандын өзүндө да, өнүмдөрдү кандай жолдор менен жеткирүү керектиги тууралуу жигердүү талкууланды. Азыркы кырдаал эки мамлекеттин эки жактуу да, көп тараптуу форматта да, айрыкча Грузия, Түркиянын катышуусу менен Азербайжан жана Казакстандын президенттеринин жолугушуусунда талкууланган Транскаспий эл аралык транспорт коридорунун мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү боюнча бирдиктүү саясатты ишке ашыруу үчүн жагымдуу шарттарды түздү.
Өлкөлөрдүн ар бири транзиттик инфраструктурасынын дараметин кеңейтүү боюнча долбоорлорду ишке ашырууну пландаштырууда. Ага ылайык жигердүү чараларды көрүп жатат. Азербайжан Баку-Тбилиси-Карс темир жолунун өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жылына 5 миллион тоннага чейин жогорулатуу үчүн 100 миллион доллар инвестиция салууга даяр. Мындан тышкары, Баку портунун дарамети 15 миллион тоннадан 25 миллион тоннага чейин өсүшү күтүлүүдө. Казакстан мунай өнүмдөрүн жана жүктөрдү ташуу үчүн Каспий флотилиясын кеңейтүүгө ниеттенүүдө. Серепчилер бул багыттагы биргелешкен иш-аракеттер жакын арада дүйнөлүк транзиттик түйүндөрдөгү эң коопсуз Транскаспий жолунун маанисин жогорулатат деп ишенишет.
Фархад Мамедов, саясат таануучу, Түштүк Кавказ изилдөө борборунун башчысы:
- Негизги максат-транспорттук-логистикалык долбоорлорду ишке ашырууга табигый жолтоо болгон бюрократиялык жол-жоболорду жөнөкөйлөтүү жана Каспий деңизинде, Казакстанда да, Азербайжанда да терминалдын жана Порт инфраструктурасынын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү боюнча инвестициялык долбоорлорду биргелешип ишке ашыруу. Бул учурда үч негизги критерий бар - бул коопсуздук, натыйжалуулук жана чыгаруу баасы. Ал эми бул жаатта мамлекеттер биргелешип иш алып барууда. Биз профилдик структуралар, алар бул жагынан өз ара аракеттенип жаткандыгына күбөбүз.
Которгон: Илгиз Жамалбеков