Эл
аралык жана санариптик соодага ачыктык Казакстандын Евразиянын негизги
логистикалык жана инновациялык борборлорунун бири катары дараметин ачат. Мындай пикирин Эл аралык соода укугу
боюнча уюмдун комиссиясынын катчысы Анна Жубан-Брет каналга берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, дүйнөнүн бардык аймактары менен санариптик байланышты куруу
өлкөнүн бул жааттагы ийгилигинин чечүүчү фактору болуп саналат. Соода агымдарын
көбөйтүү, үзгүлтүксүз жүк ташууларды камсыз кылуу жана глобалдык жеткирүү
чынжырларын чыңдоо үчүн эл аралык стандарттарды ишке ашыруу абдан маанилүү. Анна
Жубан-Брет
Казакстанды эл аралык соодада жаңы чечимдерди жана механизмдерди иштеп чыгууга
катышууга чакырды.
Анна Жубен-Брет, Бириккен Улуттар
Уюмунун Эл аралык соода укугу боюнча комиссиясынын (юнситрал) катчысы, Бириккен
Улуттар Уюмунун катчыгынын укук иштери боюнча кеңсесинин эл аралык соода укугу
бөлүмүнүн мүдүрү:
- Биз транспорттук коридорлордун жана интеграциялык чечимдердин тездик менен өнүгүшүнө күбө болуп жатабыз. Бирок, аларды бириктире турган бирдиктүү укуктук база дагы эле жок. UNCITRAL дал ушул маселе менен алектенип жатат - биз ар кандай аймактык системалардын шайкештигин камсыз кыла турган универсалдуу глобалдык стандарттарды иштеп чыгуудабыз. Биз Бириккен Улуттар Уюмунун Транспорттук документтер боюнча жаңы Конвенциясын даярдадык. Ал дүйнөнүн ар кайсы аймактарында бирдиктүү электрондук транспорттук документтерди колдонууга жол ачат жана Азиянын Борбордук Азия, Европа, дүйнөнүн башка аймактары менен мультимодалдык электрондук транспорттук документ аркылуу байланышын камсыз кылат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

