Казакстан маанилүү майрамдардын бири – Мамлекеттик символдор күнүн белгилеп жатат. Мамлекеттик желекти салтанаттуу көтөрүү аземине Касым-Жомарт Токаев катышты. Президент герб, гимн жана туу элибиздин баалуулуктарын даңазалап, улуттук өзгөчөлүгүбүздү чагылдыраарын билдирди. Албетте, алар мамлекеттүүлүктү чагылдырат. Касым-Жомарт Токаев мамлекеттик символдордун беделин бекемдөө мамлекеттик маанидеги маселе экенин баса белгиледи. Өкмөт аларды колдонууну жөнгө салган токтомго жакында түзөтүү киргизет. Мамлекеттик символдорду сыйлоо Конституцияда бекемделген жана жарандардын мекенчилдигин айгинелейт.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:
– Жаңы Конституцияны кабыл алып, тарыхыбыздын жаңы барагын ачтык. Баш мыйзамда элибиздин кылымдардан берки тилеги, максаттары, идеалдары чагылдырылган. Аймактык бүтүндүк, өлкөнүн эгемендүүлүгү, жарандардын укуктары жана эркиндиктери негизги баалуулук катары бекитилген. Мыйзамдуулукту сактоо, билим берүүнү, илимди, жаңы технологияларды өнүктүрүү, тазалыкты сактоо, жаратылышты коргоо, ыктыярчыларды колдоо конституциялык милдет катары аныкталган.
Быйыл Казакстан эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгын белгилейт. Ал эми мамлекет башчысы быйылкы жыл бүтүндөй өлкөнүн масштабдуу трансформациясы менен белгиленип жатканын баса билдирди. Жаңы Конституция теке айынын 1нен тарта күчүнө кирет. Бир палаталуу Курултайга шайлоо баш оона айында, ал эми аяк оона айында Казак Элдик Кеңеши түзүлөт. Реформанын бул жаңы этабында бардык прогрессивдүү коомдук-саясий күчтөр улуттук баалуулуктардын жана максаттардын айланасында биригиши керек, деп белгиледи Касым-Жомарт Токаев. Казакстандын Президенти ошондой эле жаңы Конституцияда да чагылдырылган муундар улантуусун сактоонун маанилүүлүгүн билдирди.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын
Президенти:
– Казакстанда бекем орногон заманбап президенттик башкаруу модели Алтын Ордо доорунда түптөлгөн саясий системага барып такалат. Анын негизги мурасы — бирдиктүү эрежелердин алкагында эбегейсиз зор мамлекеттеги ар кыл диндеги, тилдеги, маданияттагы жана каада-салттагы адамдарды гармониялуу түрдө бириктирген өзгөрүлгүс баалуулуктар болуп саналат.
Касым-Жомарт Токаев Казакстандын туруктуу өнүгүшүнүн негизи өткөн, азыркы жана келечектин ортосундагы ажырагыс байланышта экенин баса белгиледи. Ошондуктан, баалуулуктарды азыркы учурдун реалдуулуктарына ылайыкташтыруу зарыл. Бүгүнкү күндө казакстандыктардын дүйнө таанымы жана жүрүм-турум үлгүлөрү өзгөрүп жатат. Мамлекет башчысы белгилегендей, тилектештик, эмгекчилдик жана тартип биринчи орунда турат. Мындан тышкары, санариптештирүүнүн жана жасалма интеллекттин аркасында жаштар азыр өнүгүү үчүн чоң мүмкүнчүлүктөргө ээ. Ал эми бүгүн Президент тарабынан бир жыл мурун жарыяланган демилге ишке ашырылды. Аскердик окуу жайларынын эң мыкты бүтүрүүчүлөрүнө биринчи жолу улук лейтенант наамы ыйгарылды. Касым-Жомарт Токаев мындай ишеним өзгөчө жоопкерчиликти жүктөй турганын белгиледи. Ал чыныгы офицер урмат-сыйга наамы үчүн эмес, өз өлкөсүнө болгон ак ниет кызматы аркылуу татыктуу болорун айтты.
Которгон:
Илгиз Жамалбеков

