Казакстан тогуздун айында мунай өндүрүүнү жана экспортту мурдагы калыбына келтире баштайт. Каспий куур консорциумундагы оңдоо иштерин келээрки айдын 15инде бүтүрүү пландалууда. Бул тууралуу өлкөнүн Энергетика министрлиги билдирди. Алар Кашаганда “кара алтынды” өндүрүү тогуздун айынын экинчи декадасына чейин калыбына келээрин белгилешти. Өндүрүш көлөмүн суткасына 400 миң баррелге жеткирүү пландалууда. Белгилей кетсек, адистер мунай өндүрүү көлөмүнүн азайышына кендеги мүчүлүштүк жана Карачыганактагы пландалган оңдоо иштери себеп экенин айтышууда. Баш оона айында бул көрсөткүч беш миллион тоннадан бир аз ашты.
Которгон: Илгиз Жамалбеков