Казакстан мунай-газ тармагында жаңы долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар

Казакстан мунай-газ тармагында жаңы долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар

Казакстан мунай-газ тармагында жаңы долбоорлорду ишке ашырууга ниеттенүүдө. Кытайдын Sinopec (Синапэк) компаниясы аларга катышууга кызыкдар экенин билдирди. Айта кетсек, буга чейин компания Атырау мунай иштетүүчү заводун модернизациялоого катышкан. Премьер-министр Алихан Смаилов Sinopecтин  президенти Юй Баоцай менен жолугушууда Касым-Жомарт Токаевдин жакында эле элге кайрылуусунда мунай-химиялык өнөр жайын өнүктүрүүнү тездетүү милдети коюлганын белгиледи. Алардын бири “Полиэтилен” долбоору. Тармактагы эң ири, өкмөттүн пландары боюнча ал өлкөнүн бүткүл экономикасына мультипликативдүү таасир тийгизет. Sinopec мунай химиясы тармагындагы дүйнөлүк лидерлердин бири экенин эске алып, компаниянын тең укуктуу өнөктөшү катары долбоорго кирүү маселеси стратегиялык мааниге ээ, деп баса белгиледи министрлер кабинетинин башчысы. Мындан тышкары, Юй Баоцай казакстандык мунай жана газ тармагынын адистери үчүн кесиптик такшалма уюштурууну сунуштады.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков