Компетенттүү орган жыл башынан бери өлкө аймагынан мыйзамсыз чыгарыла турган 8 миллион доллардан ашык акча каражатынын изине түшкөн. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук кызматынын басма сөз борбору билдирди. Мындан ары казакстандыктар да экономикалык ресурстарды мыйзамсыз топтоо менен активдүү күрөшө алышат. Бул үчүн атайын комиссиянын веб-сайтын түзүү пландалууда. Ал аркылуу жарандар кеңештин иши менен таанышып, мыйзамсыз мүлктөрдү кайтаруу боюнча өз сунуштарын бере алышат. Эскерте кетсек, атайын комиссия президент тарабынан түзүлгөн. Жаңы органдын максаты - чет өлкөгө мыйзамсыз агып кеткен акчаны өлкөгө кайтаруу.
«Комиссиянын бардык аракеттери мыйзам ченемдерине толук ылайык келүүгө тийиш, укук коргоо жана мамлекеттик органдар адал ишкердикке карата аша чапкандыкка жана кыянаттыктарга жол бербөөгө милдеттүү. Бул ишке коомчулукту тартуу максатында сайтта атайын бөлүм түзүлүп, ал аркылуу ар бир адам анын ишинин маселелери боюнча билдирүү жөнөтө алат же сунуш киргизе алат», - деп маалымдады башкы прокурордун орун басары Улан Байжанов.
Которгон: Илгиз Жамалбеков