Тараптар быйыл жазында биргелешкен форум өткөрүүнү мерчемдеп жатат. Бул жолу аны Казакстан уюштурары күтүлүүдө. Алматыдагы иш-чарада европалык бизнес чөйрөлөрүнүн өкүлдөрүнө бүтүндөй региондогу, республикадагы өзүнчө инвестициялык климаттын баяндамасы сунушталат. Евробиримдиктин Казакстандагы элчиси Кестутис Янкаускас белгилегендей, Казакстан Борбор Азиядагы эң инвестиция тартуучу мамлекеттердин тизмесинде мурдагыдай эле алдыңкы орунда турат. Анын айтымында, акыркы үч он жылдыкта республиканын экономикасына европалык инвестициянын көлөмү 160 миллиард доллардан ашты. Ошондой эле, дипломат Евробиримдик тараптардын кеңейтилген өнөктөштүк жана кызматташуу боюнча келишиминин принциптерин сактоого маани берип жатканын баса белгиледи. Документ Казакстан менен өз ара аракеттенүүнүн 29 багытын камтыйт. Экономика, соода жана инвестициядан баштап авиация, билим берүү, изилдөө, жарандык коом жана адам укуктарына чейин.
Кестутис Янкаускас, Евробиримдиктин Казакстандагы элчиси:
- Быйыл өткөн жылдагы жетишилген макулдашууларды иш жүзүнө ашыруу үчүн маанилүү этап деп айтууга болот. Бул жылы мамиле тереңдейт. 2022-жылы макулдашылган чаралар улантылат. Евробиримдиктин министрликтери жана түрдүү структуралары түз байланыш түзүштү. Бул жагынан чоң жылыш болду. Мисалы, пайдалуу кендер, суутек жана башка тармактар боюнча меморандумдарга кол коюлду. Азыр бул багытта атайын жол картасы иштелип жатат. Бул абдан маанилүү документ болуп саналат. Анда өз ара кызматташуу, жаңы инвестицияларды тартуу сыяктуу конкреттүү келишимдер камтылган.
Которгон: Илгиз Жамалбеков