Казакстан электрондук сооданы өнүктүрүүдө

Казакстан электрондук сооданы өнүктүрүүдө

Казакстанда чет элдик интернет-дүкөндөн буюртма берилген товарды күтүү убактысы кыскарышы мүмкүн. Мажилис электрондук сооданы жөнгө салууга багытталган мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды. Эми чет элдик платформалардан алынган өнүм «электрондук соода товарлары» деген өзүнчө категорияга бөлүнөт. Ошондой эле «электрондук соода оператору» деген түшүнүк киргизилип, аларды тариздөө үчүн атайын санариптик декларация пайда болот. Бул өзгөрүүлөр бажы жол-жоболорун жеңилдетип, чет өлкөдөн келген товарлардын эсебин так жүргүзүүгө мүмкүндүк бериши керек. Белгилей кетсек, былтыр маркетплейстерди кошкондо, өлкөдөгү онлайн-соода рыногу 3,7 трлн теңгеге жетти. Көрсөткүч мурунку жылдан 19% өстү. Ошентип, электрондук коммерциянын жалпы чекене соодадагы үлүшү 14% ашты.

Азамат Амрин, Улуттук экономика вице-министри:

– Долбоор электрондук соода операторунун товарларды декларациялоо бөлүгүндө калк үчүн бажы жол-жоболорун жөнөкөйлөштүрүүгө; электрондук соода товарларынын импортунун толук, анык статистикасын жана түзүмүн түзүүнү камсыз кылууга; чек ара аркылуу жүргүзүлгөн электрондук соода тармагын жөнгө салууга жана рыноктун ачык-айкындуулугун жогорулатууга багытталган.

Онлайн соодага байланыштуу дагы бир жаңылык. Казакстан менен Кытай санариптик дан аянтчасындагы алгачкы соодасын баштады. Казакстандык компания Бээжинге бул жаңы ыкма менен 200 тонна зыгыр майын жөнөтмөкчү. Учурда жалпы онлайн аянтчага 50 миң агро ишкана катталган. Азырынча аянтчада дан жана май өсүмдүктөрү: күн карама, рапс, зыгыр жана соя өндүрүмдөрү сатылууда. Айыл чарба министрлиги келечекте импорттоочулардын суроо-талабына жараша экспортко сунушталган өндүрүмдөрдүн түрлөрү кеңейээрин билдирди. Соода-сатык ачык аукцион, түз келишим же катталган баа механизмдери аркылуу ишке ашат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков