Казакстанда 2029-жылга карата кайра жанма энергия булактары тармагында 29 долбоор ишке ашырылат

Казакстанда 2029-жылга карата кайра жанма энергия булактары тармагында 29 долбоор ишке ашырылат

Казакстанда кайра жанма энергия булактары тармагын өнүктүрүүгө 6,3 триллион теңге инвестиция багытталат. Мунун эсебинен өлкөдө иштеп турган 14 электр станциясы жаңыланып, 15 жаңы долбоор ишке киргизилет. Алардын жалпы кубаттуулугу болжол менен 7,3 ГВт курамакчы. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди. Тармактык мекеме генерация боюнча колго алынган долбоорлор бюджет каражатынын эсебинен субсидиялар тартпай эле электр кубаты рыногунун колдонуудагы механизмдеринин чегинде ишке ашырыла турганын белгилеп жатат.

Асылжан Мусин, Энергетика министрлигинин электр энергетикасын өнүктүрүү департаментинин мүдүрү:

- 2029-жылга чейин 29 жаңы долбоорду ишке киргизүү пландаштырылууда, бул электр станцияларынын орточо эскиришин 17%ке чейин төмөндөтүүгө мүмкүндүк берет. Жогоруда аталган долбоорлорду ишке ашыруу белгиленген электр кубаттуулугун көбөйтүүгө жана өлкөнүн экономикасын жана калкын ишенимдүү электр менен жабдууну камсыз кылууга мүмкүндүк берет.

Которгон: Илгиз Жамалбеков